Сузак районунун 4 тургуну "Йакын-Инкар" диний экстремисттик кыймылынын экстремисттик идеологиясынан баш тартышты. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
"Йакын-Инкар" диний экстремисттик кыймылынын 1970-жылы туулган М.Ш.С., 1983-жылы туулган У.Э.Э., 1988-жылы туулган С.О.М., 1991-жылы туулган С.Б.С. аттуу жарандар элдин алдында баш тартышкан.
"Бул адамдар мурда “Йакын-Инкар” экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып жүрүшкөн. Жогорудагы жарандар өздөрү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алышып, жарандарды бул уюмдун Кыргызстандын аймагында иштөөсүнө жол берилбестиги тууралуу билдирүү менен “Йакын-Инкар” мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алданбоого чакырышты", - деп билдиришти УКМКдан.
Учурда УКМК тарабынан "Йакын-Инкардын" кылмыштуу ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер улантылууда, ошондой эле тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын катарына тартуунун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.