Бакчада орун тартыш болуп, ага карабай түрдүү жемиш дарактарын отургузууну каалаган жарандар арбын. Мындай учурда аларга дарак кыйыштыруу ыкмасы жардамга келет. Аталган ыкма менен багбандар кыска убакыттын ичинде мол түшүм алса, дарагы "жашаруу" мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
SUPER.KG порталынын пайдалуу кеңеш түрмөгүндө бул жолу дарак кыйыштыруу боюнча кеп кылабыз. Суроолорубузга "Бай дыйкан" айыл чарба колдоо борборунун башкы агроному Турусбек Асаналиев жооп берип, кеңештери менен бөлүштү.
- Кыйыштыруу же бүчүр улоо эмне үчүн керек?
- Кыйыштыруунун максаты - биз тандаган өсүмдүктөрдүн (дарактардын, бадалдардын жана башка жашылча өсүмдүктөрдүн) сортун вегетативдик кыйыштыруу жолу менен көбөйтүп алуу, бир сортту экинчисине алмаштыруу, даракты карыганда жашартуу, өсүмдүктүн иммунитетин, анын түшүмдүүлүгүн, татаал климаттык шарттарга жана илдеттерге туруктуулугун жогорулатуу.
Кыйыштыруунун түрлөрү:
- Эмнени эмнеге кыйыштырбаш керек?
- Айрым жемиш түрлөрүн дагы бири-бирине кыйыштырууга мүмкүн эмес, алманы алмуруттарга же тескерисинче алмуруттарды алмага, өсүмдүктөрдүн бир түрүнө башка түрүн кыйыштырганга болбойт. Анткени эки жемиштин белоктору ар башка. Мындан улам аларда белоктордун шайкештиги болбойт же "жашап" кете албайт.
Жогоруда айткандай кыйыштырылып жаткан дарактарда белоктордун шайкештиги болушу талап кылынат. Ал эми бий алма (айва) менен алмурутту кыйыштырса болот.
- Дарактарды кыйыштырууда кандай эрежелер сакталышы зарыл? Керектүү шаймандарды дезинфекциядан өткөрүү талап кылынабы?
- Дарактарды кыйыштырууда бир нече эрежелер бар:
- кыйыштыруу -мезгилин жана сабак калемчелерди туура тандоо;
- окулировка мезгилин убагында жүргүзүү, бүчүрлөр жетилгенде, жалгаштыра турган өсүдүктүн кабыгы жумшак жана жакшы ачылган мезгилде (август айында);
- копулировка - жалгаштыра турган тамырлуу (подвой) бөлүгү менен жалгаштырылуучу (привой) бүчүр сабакчасынын бирдей көлөмдө болушу зарыл. Мезгили февраль, март айлары.
- Бакча куралын ооруларга каршы дезинфекциялоо
- Көбүнчө өсүмдүктөр козу карын, бактериялык, вирустук жана фитоплазмалык ооруларга дуушар болушат.
Вирустук жана микоплазма оорулары менен күрөшүү өтө кыйын, бирок инфекциянын алдын алуу керек жана эң эффективдүү жолу – бакча куралын иштетүү. Бир өсүмдүктү иштетип, экинчисине өткөндөн кийин бакча куралын (кескичтер, кыйыштыруучу бычактар, араа ж.б.) зыянсыздандыруу менен, вирус жуктуруп алуу жана бакчага жайылуу коркунучу кыйла төмөндөйт.
- Багбанчылык куралын эмне дезинфекциялайт?
- Бакча куралын дезинфекциялоо үчүн көбүнчө кадимки спирт же спирт эритмеси колдонулат. Бирок Фармайод сыяктуу формулаларды да колдонсо болот. Процедура жөнөкөй. Жаңы даракка же жаңы сортко (ошондой эле башка дарактан кыюуларга) кыйыштыруу ишин баштоодон мурун бычактын мизин жана кескичтерди дезинфекциялоочу зат менен сүртүшүңүз керек, бул вирустук инфекциянын жайылышынан сактайт. Ошол эле дарактарды кыюуда кескичтерди жана бакча арааларын зыянсыздандырууга да тиешелүү.
Дарактарды кесүүдө колдонула турган араалар, бычактарды бир дарактан экинчисине өткөрүп жатканда сөзсүз дезинфекциядан өткөрүп туруш керек.
Дарактарды кыйыштыруу кайсы учурда жасалышы керек?
- Санитардык кыюу учурунда чоң бутактарды кыйганда шире агымы (Сокодвижение) жүргөнгө чейин жасоо абзел. Бул февралдан март айынын башына чейин. Атап айтканда, бүчүр өнүп кеткенге чейин жүргүзүш зарыл. Бүчүр өнүп кеткен соң чоң бутактарды кыйыштырганга болбойт.
- Дарактарды кыйыштыруунун кандай түрлөрү бар?
- Кыйыштыруунун төмндөгүдөй түрлөрү бар:
Алманын кронасын төмөндөтүп кыркуу. Мисалы, бийик өскөн алманын эски бутактарын төмөндөтүп кыркуу. Февраль, март айларынын жылуу мезгилинде жүргүзүлөт. Бүчүр толгонго чейин.
Санитардык кыркуу, сынган, оору бутактарын кыркуу. Мезгили февраль, март айларында, айрым учурларда бактериялык күйүк оорусуна дуушар болгон дарактарды кечиктирилбестен, мезгилине карабастан ооруган бутактын карарган жеринен 20-25 сантиметрден төмөн кыркыш керек. Кыркылган бутактарды отун катары колдонбостон ошол замат өрттөш зарыл.
Калыбына (Формировать) келтирип кыркуу; Мисалы, жаш көчөттөрдүн формасын түзүү. Отургузган мезгилден баштап кыркылат. Ар жылдын башында март айларында жүргүзүлөт.
"Жашыл операция" . Мында жайында жаңы өсүп келе жаткан бутактарды өтө жыш болуп кетпеши үчүн кыркуу. Мезгили июнь айлары.
Бийик өскөн мөмө дарактары, интенсивдүү түрү эки башка кыркылат. Андан тышкары данектүү дарактарды күн жылыган мезгилде кыюу зарыл. Ал эми шабдалыны мөмө бутак, өсүү бутагы болуп кыркылат. Интесивдүү дарактар ар түрдүү формада кыркылат (пальметта, грузбек ж.б).
- Кандай шаймандар керектелет?
- Кадимки ашкана бычагы бак-дарактарды кыйыштырууга болбойт. Ал үчүн атайын багбанчылык шаймандары керек. Алар: бак бычагы, бак кайчылары (секатор. анын узун жана кыска 2 түрү бар), араа (түрлөрү бар. кичине, чоң), кесүүчү кайчы, ооролуучу турган лента (полиэтилен клеёнкасы), ар кандай бийиктеги шаты.
Алмалардын кесилген жерин бакча пастасы (садовый вар) жана майлуу боек (маслянная краска) менен боёп коюуш керек, спирт жана башка кошулган ылдам кургай турган боёкторду колдонууга болбойт.
Бардык иштерди жасап жаткан учурда коопсуздук эрежесин сактоо зарыл.
- Пайдалуу маалыматтар менен бөлүшкөнүңүз үчүн ыраазычылык билдиребиз!