"Үйдүн дубалын тешип...". Сулайман-Тоодон таш кулады (видео)

Ош шаарындагы Сулайман-Тоо тоосунан таш кулап, үйдүн дубалын тешип кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалымдалгандай, таштын кулашына туруксуз аба ырайы жана жаан-чачын себеп болгон.

"Таш Кол өнөрчүлөр көчөсүндө жайгашкан турак жайдын дубалын тешип кеткен.Үйдүн ээси куткаруучуларга 24-февралда кайрылган", - деп айтылат маалыматта.

Кайрылуунун негизинде, жерине 8 куткаруучу тартылып, кулап түшкөн ташты куткаруучу шаймандардын жардамы менен майдалап, сыртка чыгарып беришкен.

Үйдүн дубалын тешип кирген. Сулайман-Тоодон таш кулады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
udoqawje
2023-03-02 22:03:00
- - - -
0
yudau
2023-03-02 22:45:00
Неге...
0
jam77
2023-03-02 23:54:00
...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан