Мурдагы саясатчы Нурлан Мотуев жубайы менен ажырашты. Бул тууралуу ал өз кайрылуусунда айтты.
"Мен келинчегим Элнура менен расмий түрдө ажыраштым. Ажырашкан соң анын банктагы эсебине батир жана унаа келчү акча салып бердим. Ажырашуунун себептери көп, 3 жыл жашаптырбыз экөөбүз. Менин оор күндөрүмдө 27 жаш кичүү экенине карабай тийген, анысына рахмат", - деди Мотуев.
Ошондой эле ал жубайынын көптөгөн карыздарын төлөп бергендигин, аялы төркүнүнөн көп суммадагы мүлк алгандан кийин өзгөрүп кеткенин кошумчалады.