Кара-Балтада эч себепсиз 10го жакын унааны талкалаганга шектүү кармалды

Кара-Балта шаарында түн ичинде эч себепсиз эле унааларды талкалоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 28-февраль күнү милицияга Б.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал ошол эле күнү түнкү саат 03:50 чамасында Кара-Балта шаарынын Оторбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн короосунда токтоп турган Ауди С4 үлгүсүндөгү унаасынын алдыңкы айнегин жана оң капталынын айнегин белгисиз жаран сындырып кеткенин билдирген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөөнүн натыйжасында бул кылмышка шектелип 1984-жылы туулган Г.А. аттуу жаран кармалды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого катышкандыгы аныкталды. Тагыраагы, ал Toyota RAV4, Honda Odyssey, Toyota Ipsum, BMW 525, Mercedes-Benz, Subaru Forester сыяктуу унаалардын айнектерин сындырганы аныкталган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан