Быйыл Жалпы республикалык тестирлөө 19-майдан 24-майга чейин өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү берген маалымат жыйында белгилүү болду.
Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы Айнура Асан кызы ЖОЖдорго тапшыруунун босого баллы ЖРТнын жыйынтыктары чыккандан кийин белгилүү болорун кошумчалады.
"Акыркы жылдары босого балл 110 болсо, предметтик тестке 60 балл коюлуп жатат. 2022-2023-жылга педагогикалык багыттарга тапшыруу үчүн гранддык орундарга негизги тесттен босого балл 115ке жогорулатылды. Ал эми жогорку окуу жайларга тапшыруунун босого баллы ЖРТнын жыйынтыктары чыккандан кийин бекитилет", - деди ал.
Жалпы республикалык тестирлөө боюнча маалымат жыйынга Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Үсеналиев, Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгы Айнура Асан кызы жана Билимдерди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева катышууда.
Белгилей кетсек, былтыр жалпы республикалык тестирлөө 23-майда башталып 28-майда аяктаган.