Алдамчылык, коррупция боюнча кылмыш ишин кароодо эскирүү мөөнөтүн колдонбоо сунушталууда

Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси боюнча кылмыш ишин кароодо "мөөнөтү эскирип кетүү" нормасын колдонбоону сунуштады. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Ага ылайык, "Алдамчылык" (209-берене), "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" (210-берене), "Алдоо же ишенимге кыянаттык менен мүлктүк зыян келтирүү" (215-берене) жана "Коррупция" (336-берене) беренелери боюнча эскирүү мөөнөтү колдонулбайт.
Атажанов азыркы тапта курч көйгөйлөрдүн бири алдамчылык, ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же уурдоо жана алдоо, мүлктүк зыян келтирүү экенин белгилеген.
Долбоордун негиздемесинде Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, 2021-жылы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Алдамчылык беренеси боюнча 20 500 кылмыш катталса, анын 1 484ү гана сотко жеткени айтылат. Алардын 543ү сотто каралса, 547 кылмыш иши боюнча өндүрүш токтотулган.
Ушуга байланыштуу анын иштеп чыккан мыйзам долбоору "өз көйгөйү менен жалгыз калган жабырлануучулардын укуктарын коргойт" деп жазган.
Белгилей кетсек, учурдагы мыйзам боюнча алдамчылык жаатында анча оор эмес кылмыш үчүн алдамчылык катталган күндөн эки жыл өткөндөн кийин аны жасагандар жоопкерчиликке тартылбайт. Эгер он жыл өтсө, оор кылмыштарга да тиешелүү. Себеби мөөнөтү эскирип кетти деп эсептелет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан