Социалдык тармактарда Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан өлүккананын видеосу тарады.
Көпчүлүк интернет колдонуучулар өлүккананын учурдагы абалына нааразы болушууда. Себеби, видеодон көрүнгөндөй өлүкканада терезенин айнектери жок, ичинде керектүү шарттар дагы болгон эмес.
"Бул Өзгөндөгү өлүккананын абалы. Ушул кичинекей өлүккананын оңдогонго дагы акыбал жок. Айнектери дагы ачык экен, мышык кирип өлүккө тийсе эмне болот", - деди видеонун автору.