ЭЛДИК КАБАР: Ысык-Атанын Нурманбет айылында айыл өкмөтү дарактарды массалык түрдө кыйдырды

Порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылынын тургуну кайрылды. Окурман аталган аймактагы жол бойлой өскөн дарактардын массалык түрдө кыйылып жатканына даттанды.

"Айыл өкмөт эч кандай уруксат кагазы жок дарактарды кыйдыртып жатат. Ал чырпык да эмес, чоң эле 16 түп дарак кыйылыптыр.

Кыйып жаткан балдардан сурасак алып-сатып иштегендер экен. Дарактар айылга кире бериштеги жол бойлой өсүп турчу", - деди ал.

Жергиликтүү тургун айылда мындан тышкары таза суу көйгөйү көкөйгө тийгенин кеп кылды. Элет эли суу түйшүгүн тартуу менен убара. Айтымында, унаасы барлар суу ташып алса, жөө жүргөн тургундардын убаракерчилиги чоң.

"Айылда 3-4 миң түтүн калк жашайт. Башка айылдар чакан болсо дагы таза сууну тыкыйтып чыгарып алышкан. Сууну ар кайсы аймактан ташып ичебиз. Айыл өкмөт башчысы аракет кылып көйгөйлөрүбүздү чечип берсе болмок. Ал ошол үчүн шайланды да", - деп кошумчалады тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Нурманбет айылы
Видео
Ысык-Атанын Нурманбет айылында массалык түрдө дарактар кыйылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан