Марс планетасынан соолуган көлдүн изи табылды

Марс планетасынан соолуган көлдүн изи табылды. Бул ачылышты Американын “Кьюриосити” марсоходу тарткан. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Соолуган көлдүн изи Марс планетасынын Йеллоунайф булуңунан табылган.
Изилдөөчүлөрдүн божомолунда, бир кездери болгон көлдүн суусунун курамында химиялык элементтер, көмүртек, кычкылтек, суутек, азот болуусу ыктымал. Мындан тышкары кадимки хемолитавтотрофтук бактериялар жашоосу мүмкүн. Бирок буга карабастан изилдөөчүлөр Марста жашоо болгон-болбогонун так аныктай элек.
Кошумчалай кетсек, “Кьюриосити” марсоходу 2011-жылдын 26-ноябрында Марска сапар тартып, 2012-жылдын 6-августунда аталган планетага конгон. Анын негизги максаты Марстын геологиясы менен атмосферасын изилдөө болуп эсептелет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Sagy
2013-12-10 12:08:55
Чыгып эле дем алып коргуло да)
0
PROS
2013-12-10 13:49:04
Лайканы учургандай кылып дагы бир итти алып барып коё бергиле!
0
adiletaltynbek
2013-12-10 17:31:17
акылынар ошого жеттиби,кайдагы саясат,митинг болуп журо бербей ушундай нерселерге кызыксанар боло
0
berdishov89
2013-12-10 21:19:37
8 ай 10 кундо жетиптир да анда ал жака америка гана бара алабы ошондо?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан