Жекшемби күнү Италияга жакын жээкте чөгүп кеткен кемеде каза болгондордун арасынан уулунун дарылануусуна каражат табуу үчүн мекени Пакистандан кеткен футболчу жана хоккейчи Шахида Разанын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Шахида Раза 29 жашта болчу. Ал футбол боюнча кыз-келиндер арасындагы Пакистан улуттук курамасынын футболчусу жана чөп үстүндө хоккей ойноо боюнча улуттук кураманын катарында бар болчу.
Ал үч жаштагы уулунун дарылануусуна каражат табуу үчүн Европага иштегени бара жаткан.
Жекшемби күнү Түркиянын Измир шаарынан чыккан кеме Ооганстан, Пакистан жана Сомалиден келген мигранттарды Европага мыйзамсыз алып бара жатып, Калибрияда ташка урунган. Андан кеминде 64 адам каза болду.