Өлкөнүн 5 облусунда мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.
Кабарга ылайык, Талас, Жалал-Абад, Нарын, Баткен жана Ысык-Көл облустарында жалпы 50 талапкер тандалып алынды.
Алар:
Баткен облусу боюнча 36 бош орундун 12не;
Жалал-Абад облусу боюнча 83 ваканттык орундун 27не,
Ысык-Көл облусу боюнча 11 бош орундун 9на,
Нарын облусу боюнча 9 ваканттык орундун 2не,
Талас облусу боюнча 6 бош орундун 5нө жетекчилер тандалып алынды.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси шилтемеде.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 1-февралында Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө сынак жарыялаган.