Бишкекте 13 жаштагы кызды үйүнө камап коюшкан. Ал 4-кабаттан кулап түштү

Бишкектеги Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 4-кабатынан 13 жаштагы кыз кулап түштү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 2-март күнү саат 22:49 чамасында 102 кызматына төртүнчү кабаттан кыз кулап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине барган милиция кызматкерлери окуянын чоо-жайын аныкташкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, 2010-жылы туулган М.С. аттуу кыз ошол күнү үйдө жалгыз болгон жана аны бекитип кетишкен. Ал курбулары менен сейилдөө үчүн батирден качып чыгууну чечкен. Ал балкондон шейшептерди байланыштырып түшүп бара жатканда шейшеп үзүлүп кеткен. Учурда кыз ооруканада.

Учурда бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат жана соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан