Милиция кызматкери: "Көрсөткүчкө жетпегеним үчүн куугунтукталып жатам"

Милиция кызматкери Максатбек Аваз уулу Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан куугунтукка кабылып жатканын айтып чыкты. Ал милициянын ага лейтенанты, Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн Жаңы-Базар аймактык милиция бөлүмчөсүндө эмгектенет. Жетекчиликтин ага карата мындай кадамга баруусуна анын көрсөткүчтөргө жетпегени себеп болгонун айтууда.

"Милицияга кирип жатып, жетекчиликтин мыйзамсыз талаптарын аткарам деп ант берген эмесмин. Мен Кыргызстандын элине ак кызмат кылам деп ант бергем. Мени жумуштан кет деп жатканынын себеби "неге көрсөткүчтөргө жетпейсиң, неге жыйынтыгың жок" дейт. Мен айыл жергесинде, тоолуу аймакта кызмат өтөсөм, өзүм тейлеген аймакта эч кандай кылмыштуулук катталбаса, мен кайсы кылмышты берем? Жыйынтык көрсөтүү үчүн кайсы карапайым элди мыйзамсыз жолго түртөм? Андай жол менен жыйынтык бергенден көрө, мен формамды чечип, адал жол менен иш кылганым жакшы", - дейт милиция кызматкери.

Ноокат РИИБинин башчысы Талгат Өскөналиев ички иштер министри Улан Ниязбековдун атын жамынып алып, туура эмес кадамдарга барып жатканын билдирди.

"Каалаганымды жасайм деп кызматкерлердин арасында өзүн хан сезип жүрөт. Мыйзамсыз талаптарды коюуда. Бүгүнкү күндө мага окшогон кызматкерлер жүздөп, миңдеп саналат. Жумушумдан айрылып калбайын деп өздөрүнүн укугун коргой албай жүрүшөт", - дейт ал.

Ал кайрылуусунун соңунда президент Садыр Жапаровго кайрылып, милиция кызматындагы башаламандыкты жоюп, адилеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту орнотуп берүүнү суранган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан