Сокулукта 2008-жылы туулган кызды зордуктоого шектүү жаран кармалды

Сокулук районунда зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 29-январда А.Г. аттуу Сокулуктун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арызында ал 25-январдан 26-январга караган түнү өзүнүн жашы жете элек, 2008-жылы туулган кызын белгисиз адам физикалык күч колдонуп, кыздын эркине каршы зордуктап койгонун билдирген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган Т.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан