Токмокто курал-жарак сакталган жай табылды (сүрөт)

Токмок шаарынын аймагынан курал-жарак сакталган жай табылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.

Ага ылайык, 2-мартта Чүй облусунун Токмок шаарынын 3-кичи районунан ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай табылды.

"Желим баштыктан кесилген сайлуу мылтык (типтүү эмес ок атуучу курал) - 1 даана, револьвер тапанчасы - 1 даана, Макаров травматикалык тапанчасы (ПМ) - 1 даана, ПМдин магазини - 1 даана, ПМдин травматикалык патрондору - 7 даана (9мм), аңчылык патрондору - 10 даана (16 калибр) жана 5,45 калибрдеги 88 даана патрондор табылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда куралдын ээлерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан