Ош шаарында ири суммада акча уурдаган өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалымдалгандай, кармалгандар 2008-жылы туулган Д.М. жана Н.А. аттуу өспүрүмдөр. Кылмыштын негизги уюштуруучусу Д.М. жаш болгонуна карабастан мурда 3 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
"Шектүүлөр үстүбүздөгү жылы 22-январда Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан эл көп барган кафелердин бирине түндө терезеси аркылуу уурулукка киришип, жалпы суммасы 5 миллион сомдон ашуун акчаны уурдап кетишкен", - деп айтылат билдирүүдө.
Учурда шектүү балдар Жалал-Абад шаарындагы атайын балдардын тергөө абагында кармалууда.
Белгиленгендей, өспүрүмдөр уурдалган акчанын көпчүлүк бөлүгүн бекиткен жеринен таап беришти. Бирок аз убакыт ичинде 480 миӊ сом акчаны өз кызыкчылыгына иштетишип, ар кимге берип үлгүрүшкөн.