Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы WhatsApp жана башка мессенджерлерден тарап жаткан Орозонун башталышы тууралуу маалыматты четке какты. Муфтияттын маалымат кызматынан Орозонун так датасы белгилене электигин айтышты.
"Азыр так датасы белгилүү боло элек. Болжолдуу датасы 23-мартта деп да айта албайбыз. Ал күндөн мурун же кийин болуп калса, элди адаштырган болуп калабыз. Так белгилүү болмоюнча бир нерсе деш кыйын. Белгилүү болор замат кабарлайбыз", - деп билдирди муфтияттан.
Ар кайсы өлкөлөрдүн дин кызматкерлери быйыл Орозо айынын биринчи күнү 23-мартка туура келерин билдиришүүдө. Бирок белгиленген датадан бир күн эрте же кеч башталышы мүмкүн.