Алдамчылыкка айыпталып, 2022-жылдын декабрь айында Свердлов райондук соту тарабынан 6 жылга эркинен ажыратылган келин үй камагына чыкты.
Аны үй камагына чыгаруу чечимин Бишкек шаардык соту чыгарган.
Белгилей кетсек, буга чейин жактоочу Замир Жоошев сот залында жаңы төрөлгөн ымыркайы менен келген аялдын сүрөтүн жарыялаган. Анын айтымында, келин алдамчылыкка айыпталып, 2022-жылдын декабрь айында Свердлов райондук соту тарабынан 6 жылга эркинен ажыратылган.
Ал "Дордой" базарында иштеп, жогорку пайыз менен алган акчасын кайтара албай калганы үчүн кош бойлуу кезинде камалып, ошол жакта 15-февраль күнү көз жарган. Үйүндө күйөөсү менен жашы жете элек дагы 6 баласы калган. Жактоочусу өкүмгө макул болбой шаардык сотко даттанган.