7-мартта Эне-Сай, Дордой-1 жана Дордой-2 конуштарында таза суу убактылуу токтотулат. Мындай чара "Энесай" суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу каралды.
"Бишкексууканал" мекемесинин маалыматына ылайык, аталган конуштарда саат 9:00дөн 15:00гө чейин таза суу берилбейт.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.