Улуу Британиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалды. Маалымдалгандай, Чарльз Гарреттин ордуна Николас Боулер келди.
Элчи Боулер өзүнүн миссиясын 2023-жылдын июнь айында баштайт. Ал бул убакытка чейин Киевде Улуу Британиянын элчилигинде программа бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
2015-2017-жылдары Кыргызстанда, Эл аралык өнүктүрүү департаментинде кызмат аркалап, директордун орун басары жана милдетин аткаруучу болгон.