Жогорку Соттун мурдагы судьясынын хан сарайы аукционго коюлду

Жогорку Соттун мурдагы судьясы Камиль Осмоналиевдин хан сарайын Мамлекеттик ипотекалык компания сатыкка койду. Бул туурасында компаниянын маалыматында айтылат.

Маалымдалгандай, эки кабаттуу заңгыраган үй Орто-Сай айылындагы "Сары-Өзөн" VIP шаарчасында жайгашкан.

Мүлктүн башталгыч баасы 68 миллион 755 миң сом (786 миң доллардан ашат).

"Аукционго катышуу үчүн 20 миң сомду кепилдик катары төлөп, сатык старт алганга чейин арыз калтыруу керек. Арыздарды кабыл алуу 6-мартта токтотулуп, эртеси саат 15:00дө Бишкектин Токтогул көчөсүндөгү 228 дарегинде аукцион өтөт", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2020-жылы декабрь айында УКМК Жогорку Соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын судьясы Камиль Осмоналиев мыйзамсыз байыган фактыны аныктаган.

Кийин Биринчи Май райондук сотунун эч жакка чыкпоо тил каты менен судья бошотулган. Осмоналиев күнөөсүн моюнга алып, 70 миллион сом зыяндын ордун толтурган. Дагы 44 миллион сомду 3 айдын ичинде төлөөгө милдеттендирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rohayatr09
2023-03-04 12:42:00
wow....
0
udoqawje
2023-03-04 14:07:00
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан