Ак-Ордо конушунда үйү түрттүрүлүп, 4 баласы менен көчөдө калган келин окуя боюнча айтып берди

Бишкектин Ак-Ордо конушунда үйү түрттүрүлүп, 4 баласы менен көчөдө калган Марал Шаболотова SUPER.KG порталына окуя боюнча айтып берди.

"Мен бул жерде 4 балам менен 10 жылга жакын убакыттан бери жашайм. Бул жер тилкесин 2012-жылы ишеним кат аркылуу сатып алгам. Ал эми кошунам 2017-жылы аталган жерге мамлекеттик акты чыгартып, кызыл китеп жасатып алган. Ошонун негизинде мени сотко берип, сот анын пайдасына чечим чыгарып берип койгон. Мен жумушта жүрсөм, үйүм бузулуптур. 2 бөлмөлүү ак эмгегибиз менен курган үй эле", - дейт Марал Шаболотова.

Эскерте кетсек, 1-мартта Жогорку Соттун чечимине таянып сот аткаруучулар Марал Шаболотованын үйүн бузган. Ал эми 2018-жылдан бери аны менен жер талашып соттошуп келе жаткан кошунасы Толкун Самудинова жеринин кызыл китеби бар экенин айтып, кошунасы анын жерине үй салып алганын билдирген.

Ал эми бүгүн, 4-мартта бул окуя боюнча маалымат президент Садыр Жапаровго жетип, мамлекет башчы өз көзөмөлүнө алуу менен бирге тийиштүү тапшырмаларды бергени кабарланды. Мыйзам бузган тарап жоопко тартыла турганы айтылды.

Ак-Ордо конушунун тургуну
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rohayatr09
2023-03-04 12:39:00
жүрөк жылытуучу....
0
udoqawje
2023-03-04 14:07:00
0
raykray
2023-03-04 14:33:00
10 жыл жашасанда 100 жыл жашасанда документ баарын чечет. Таш доору эмеско документи жок жерге уй салбай туруп документ жасатышыныз керек болчу?! Кызыл китеп колго тийгизип анан уй баштасаныз болмок экен.
+1
kun-nuru
2023-03-04 15:36:00
Үйү түрттүрүлүп эмес, сүрдүрүлүп деп жазсаңар болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан