Интимдик сүрөт, видеолорду таратам деп кызды коркутуп, акча талап кылып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, ушул жылдын 28-февралында борбор калаанын тургуну (аял киши) кайрылып, акча талап кылып жаткан адамга карата чара көрүүнү суранган.
Арызында белгилүү бир адам, интимдик мүнөздөгү видео жана фотосүрөттөр камтылган компроматтарды таратам деп коркутуу менен дайыма акча каражатын талап кылып, 140 миң сомго жакын акча каражатын буга чейин бөлүп алып койгонун билдирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмү "Опузалап талап кылуу" менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 3-мартта Бишкек шаарынын Шевченко көчөсүндөгү ижарага берилген батирлердин биринен 10 миң сом акча алып жаткан жеринен кылмышка шектүү кармалган.
Анын жанынан белгисиз үлгүдөгү тапанча жана ыкчам топтун кызматкери деп көрсөтүлгөн (түшүнүксүз жоопкерчилиги чектелген коомдун) күбөлүгү алынган.
Кармалган жаран мурда уурулук, мал уурдоо жана каракчылык кылмыш иштерин жасагандыгы үчүн соттолгон, 1995-жылы Ысык-Көл облусунда туулган Р.Д. аттуу жаран экендиги аныкталган.
Учурда аталган кылмыш фактысы боюнча тергөө иштери улантылууда.