Талас мэриясындагы коррупция фактысы боюнча мамлекетке 3 миллион сом кайтарылды

Талас шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгындагы коррупция фактысы боюнча 3 миллион сом кошумча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, атайын кызмат тарабынан Талас шаарынын мэриясынын ММБда муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин ижарага берүүдө коррупциялык схема аныкталган.

Бул кылмыш ишинин алкагында айыпталуучулардын кошумча 3 миллион сому мамлекеттин кирешесине кайтарылды, ал буга чейин мурда мамлекеттин кирешесине 5 миллион сом кайтарылган болчу.

Кылмыш иши боюнча айыпталуучуларга айып тагылып, кылмыш иши андан ары кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлөт.

Учурда кылмыш ишинин алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
yudau
2023-03-04 21:55:00
wow.....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан