Министрлер кабинети үйсүз калган төрт баланын энесине жаңы үй куруп берүүнү убадалады

Министрлер кабинети үйсүз калган төрт баланын энесине жаңы үй куруп берүүнү убадалады.
1-мартта социалдык тармакта Ак-Ордо конушундагы үй-бүлөнүн турак жайын күч менен бузуп салышкан видеосу тараган. Анда үйдүн кожойкеси президенттен жардам сурап, кайрылган.
Бул окуя социалдык тармактарга жарыялангандан кийин министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров комментарийге "Жардам беребиз" деп жазган.
Андан соң социалдык тармактарда Жапаровдун кеңешчиси Урмат Токтожумаев кечээ окуя болгон жерге келген деген маалымат пайда болду. Ал министрлер кабинетинин башчысына абалды айтып, үй-бүлөгө жаңы үй салып берүүнү убада кылган.

Эскерте кетсек, 1-мартта Жогорку Соттун чечимине таянып сот аткаруучулар Марал Шаболотованын үйүн бузган. Ал эми 2018-жылдан бери аны менен жер талашып соттошуп келе жаткан кошунасы Толкун Самудинова жеринин кызыл китеби бар экенин айтып, кошунасы анын жерине үй салып алганын билдирген.

Ал эми бүгүн, 4-мартта бул окуя боюнча маалымат президент Садыр Жапаровго жетип, мамлекет башчы өз көзөмөлүнө алуу менен бирге тийиштүү тапшырмаларды бергени кабарланган. Мыйзам бузган тарап жоопко тартыла турганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
yudau
2023-03-04 21:54:00
Үмүт кылам.....
0
Омурзак
2023-03-05 02:16:00
Тез арада уйдун ключун тапшырганын кутобуз
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан