Президент сот тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, 5-мартта президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Сот тутумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу сот тутумунун кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Сот тутумунун кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Бул күн сот акыйкаттыгын туу тутууга жан үрөгөн эмгеги менен улуттук сот өндүрүшүнүн мыкты салттарын сактагандардын башын бириктирет.

Бүгүнкү күндө сот адилеттигинин натыйжалуулугун жогорулатуу - өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги шарттарынын бири болуп саналат, анткени сот тутуму мамлекеттин ишмердигиндеги маанилүү багыттарынын бири болуп келген жана боло берет.

Ошентсе да, тилекке каршы, ушу тапта соттун адилетсиз чечимдерине даттануулар азайбай жатканын да белгилеп кетпесек болбойт.

Мыйзамдуулуктун, адилеттүүлүктүн алдында бийик милдеттерди канчалык так, абийирдүүлүк менен аткарылышынын артында кайсы бир жарандын тагдыры турганын эгерим эч качан унутпаңыздар!

Силердин калыс чечимиңер аркылуу жалпы элибиздин сот тутумуна жана ошондой эле мамлекеттик бийликке болгон ишенимин кайтаруу үчүн бардык күч-аракеттериңерди жумшайсыңар деп ишенем.

Учурда Кыргызстанда сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоо боюнча алгылыктуу кадамдар жасалууда. Бул багытта заманбап технологияларды киргизүү менен сот адилеттигинин ачык-айкындыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүлүүдө.

Сиздерди дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктайм.

Сиздерге чың ден соолук, жаңы жетишкендиктерди, бакыт-таалай жана ийгиликтерди каалайм!

Эч качан адилеттиктен тайбаңыздар!

Сиздердин күжүрмөн эмгегиңиздер жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга салым кошсун, элибиз болсо сот адилеттигине ишенимдүү таянгандай болсун!”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан