Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев жана тиешелүү мекеме жетекчилер менен биргеликте Ош-Ноокат-Раззаков унаа жолун оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. Бул туурасында өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.
Маалымдалгандай, учурда аталган жолду оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош-Ноокат-Раззаков жолунун кооптуу участокторунда оңдоп-түзөө иштери мындан бир нече күн мурун башталган.