Казакстандын Актөбө облусунун Шалкар районунда бүгүн, 5-март күнү эртең менен Бишкектен Самарага бараткан тепловоз менен жүргүнчүлөрдү ташуучу поезд кагылышкан. Бул тууралуу аталган өлкөнүн чет элдик басылмалар жазышууда.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок. Поездде 200дөн ашык адам болгон.
Жүргүнчүлөрүнө жардам көрсөтүүнү Актөбө облусунун акими жеке көзөмөлүнө алды.
"Облустук жетекчиликтин тапшырмасы менен поезддин жүргүнчүлөрү үчүн ысык тамак уюштурулуп, дарыгерлер тез арада жүргүнчүлөрдү текшерүү үчүн окуя болгон жерге жөнөтүлдү", - деп айтылат акимчиликтин билдирүүсүндө.
Белгиленгендей, окуянын себептерин жана чоо-жайын "Казакстан темир жолу" ААКсы жана облустун Өзгөчө кырдаалдар департаменти тарабынан түзүлгөн комиссия тактап жатканы айтылды.