Ак-Ордодогу үй түрттүрүлгөн окуя: Президент күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта Ак-Ордо конушуна пландан тышкары барып, жакында эле соттун чечими менен үйү түрттүрүлүп жана балдары менен барар жери жок калган Марал Шараболотова менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Ал маалымдагандай, бул кабар коомчулукта чоң резонанс жаратып, буга байланыштуу мамлекет башчысы маселени жеринде териштирүүнү чечкен.

"Садыр Жапаров окуянын чоо-жайын сураштырып, жергиликтүү тургундар менен баарлашты.

Аялдын үй-бүлөсү жер тилкесин он жылдай мурун ишеним кат менен сатып алып, салган үйдө жолдошу жана жашы жете элек төрт баласы менен жашап келген. 2017-жылы мораторий маалында ушул эле тилкеге башка тараптар кызыл китеп алышкан.

Соттук органдар аялдын курулушун мыйзамсыз деп таап, аны бузуу чечимин кабыл алышкан.

Абийирсиз тараптардын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында бул сыяктуу көйгөй көпчүлүк жарандарда болууда", - дейт Султанбаев.

Ал кошумчалагандай, президент териштирүү жүргүзүү жана бардык күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берген.

Ак-Ордодогу үй түрттүрүлгөн окуя: Президент күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
orun
2023-03-05 18:40:00
Чындап эле өтө жөнөкөй президент экен. Эми чындап көзүм жетти. Мурда деле жылуу көз карашта элем. Жеке өзү барып, мазлумдун абалын сураганы, күнөөлүүлөрдү жазага тартуу тапшырмасын бергени чыныгы адилеттүү президент болууга умтулгандыгын көрсөтүп турат.
+3
udoqawje
2023-03-05 21:53:00
:) :)
0
udoqawje
2023-03-06 01:02:00
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан