Жөө жүрүүчүлөрдү жолдон өткөрбөй сүзүп кете жаздаган Мерседес табылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Өткөн жумада жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жолдо эки кызды сүзүп кете жаздаган видео интернетке чыккан эле. Автоунаанын камерасына тартылып калган видео Субару унаасынын айдоочусу тарабынан социалдык түйүндөрдүн бирине жүктөлгөн. Ал окуя тууралуу “Жөө адамдар өтүүчү жолдо эки кыздын өтүп кетүүсү үчүн токтодум. Арткы терезеден карасам кара Мерс I4243AA унаасынын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жаткан экен. Кыздардын көңүлүн өзүмө буруу үчүн сигнал бердим” деп жазган.
Жол-кайгуул кызматынын берген маалыматына ылайык, бул боюнча протокол түзүлүп, Мерседес унаасы айып төлөөчү жайга жеткирилген.