Бишкекте адам уурдоо фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Билдирмеге ылайык, 4-мартта Биринчи Май РИИБине А.А. аттуу тургун арыз менен кайрылган. Ал арызында ошол эле күнү саат 16:30 чамасында Калыс-Ордо конушунда жубайын унаага салып, уурдап кеткен белгисиз жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш жазык кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 22 жаштагы С.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары уланууда.