Бүгүн, 6-мартта Кыргыз Республикасынын Эл артисти Алтынай Нарбаева 56 жашка толду. SUPER.KG порталы ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыгып, маанайы менен бөлүштү.
"Маанайым абдан жакшы. Туулган күнүм адаттагыдай эле иш күнү менен башталды. Азыр телеканалдардын бирине 8-март майрамына карата берүүгө тартылууга баратам. Андан кийин жумушка барам. Негизи мен туулган күн өткөрүүгө анча деле маани бербейм. Бирок ошондой болсо да эртең менен эле туугандарым, досторум, кошуналарым үйгө келип куттуктап кетишти. Негизи жылда туулган күнүмдө концерт койчумун, быйыл 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата Ош шаарында концерт бергени турам. Ошол себептен быйыл кыйналып калбайын деп өзүмдү аяп Бишкекке уюштурган жокмун", - дейт ырчы.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева 1967-жылы 6-мартта Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылында туулган. Жалал-Абад шаарындагы Маданият техникумун жана И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетин музыка мугалими боюнча аяктаган.
1993-жылдан тартып Бишкек шаарындагы Т.Үмөталиев атындагы №69-мектеп гимназиясында музыка мугалими болуп эмгектенип келет. "Ысык-Ата Арашан" фольклор элдик ансамблинде жана Бишкек мэриясынын алдындагы уюшулган оркестрдин солисткасы. Сахнага алгач К.Артыковдун "Барам сага" аттуу ыры менен чыккан.
2008-жылы май айында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артистти наамын алган. Ал эми 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамына татыган.
6-мартка карата жылнаама.