Бишкектеги "Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо унаалары менен жарышка түшкөн айдоочуларга 7 жарым миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.
Аэропортко бара жаткан жолдо 7 айдоочу жарышка түшкөнү аныкталып, 7500 сомдон айып пул салынды. Ошондой эле алардын унаалары айып короо жайына киргизилди.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы автоээнбаштык кылган айдоочуларга жаза күчөтүлөрүн кошумчалады.