Аламүдүн районундагы аялдар колониясына уюлдук телефон киргизүүгө аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-мартка караган түнү саат 01:30дар чамасында Чүйдүн Аламүдүн районунун Степное айылында жайгашкан ЖАКтын №2 мекемесинин сырткы аймагында 1987-жылы туулган С.М.А. аттуу жаран негизги дубал аркылуу мекеменин ички аймагына ыргытуу жолу менен тыюу салынган буюмдарды киргизүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалган.
Анын жанынан 8 уюлдук телефон жана 1 сим-карта табылганы айтылат. Аталган факты боюнча материалдар Аламүдүн райондук милициясынын тергөө ыкчам тобуна өткөрүп берилди.
Учурда кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.