Эрулан Кокулов коомдук жайларда электрондук тамеки чеккендерге айып пул салууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов коомдук жайларда электрондук тамеки тарткандарга айып пул салууну сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Эл өкүлү Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат. Ага ылайык, белгиленбеген жерлерде тамеки менен катар, электрондук тамеки чеккендерге 1000 сом айып пул салынат.

Ошондой эле чылым чеккендер үчүн милдеттүү түрдө өзүнчө жай бөлүп берүү эрежелерин, тамеки тарта турган жайлар жөнүндө көргөзмө маалыматты жайгаштыруу же мындай жайды жабдуу тууралуу талаптарды бузуу 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып салууга алып келет.

Тамеки жана тамеки чегүү үчүн электрондук гаджеттердин таңгактарында алардын зыяны тууралуу эскертүүсү же маалыматтык чаптамалары жок болсо, жеке жактарга 5500 сом, ал эми юридикалык 17 миң сом айып салуу сунушталат.

Зыяндуу заттардын жол берилген өлчөмүнөн ашып кетүү жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуу менен тамеки буюмдарын, никотинди жеткирүүнүн электрондук системаларын, анын ичинде электрондук тамекилерди сатуу 7500 сомдон 23 миң сомго чейин айып салууга алып келет.

Балдарга чылым, электрондук тамекилерди саткан жеке жактарга 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан