Түркияда зилзаладан жабыр тарткан жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 94 миллион 532 миң 311 сом 55 тыйын жана 15 миң 250 рубль түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин бүгүн, 6-мартта тараткан маалыматында жазылат.
Мындан тышкары эсеп 65 доллар жана 67 центке толукталды.
Белгилей кетсек, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.
Банк: “Айыл Банк” ААК
ИНН: 01803199710084
БИК: 135001
ОКПО: 30597768
Эсептин номери: № 1350102119900169 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, рубль, АКШ доллары, евро)
Төлөм коду: 14411100 - "Учурдагы жардам";