Португалиялык атактуу футболчу Криштиану Роналду Сирия жана Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, футболчу жер титирөөдөн жабыркагандарга жалпы суммасы 350 миң доллар болгон гуманитардык жардам жөнөткөн. Жүктө негизинен медициналык буюмдар болгон.
Криштиану Роналду буга чейин жаш баланын мээсине операция жасоо үчүн 83 миң доллар берген. Ошондой эле дагы 165 миң долларды өзүнүн туулуп-өскөн Португалиядагы онкологиялык борборго которгон.