Тойканалардан түшкөн салык 2022-жылы кескин түрдө көбөйдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Ала-Тоо 24" телеканалына курган маегинде билдирди.
Ал тойканалар ар бир кишиге 1000 сомдон кем албай турганын белгилеген.
"Бир тойкана жылына 208 миң сом төлөчү экен, биз көзөмөлдү күчөтүп, ККМ коюп карайбыз дегенде 2 миллион 522 миң сом төлөй баштады. Мурун айына 15 миң сом эле салык төгүп келишкен экен да. Азыр бир официант күнүнө 1000 сомдон иштеп жатпайбы. Мына ушинтип ар бирин карап жатабыз. Тойканаларды куруш үчүн 1,5-2 миллион доллар сарптап жатышат, анан өкмөткө төлөгөнү айына 10-15 миң сом", - деди Жапаров.
Ошондой эле ал мурда тойканаларды калкалап тургандар болгонун, азыр эч кимге жедирбей, ачык-айкындуулукка чыккандан кийин салык көбөйө баштаганын кошумчалаган.