Бишкекте мыйзамсыз курулган эки кабаттуу имарат түрттүрүлүүдө

Бишкектин Дэн Сяопин проспектиси менен П.Лумумба көчөсүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз курулган эки кабаттуу имарат түрттүрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жеринде мэриянын жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы жана "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда.

"Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин муниципалдык жерге мыйзамсыз имаратын куруп алган Б.А. аттуу жаранга карата доо арызы Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2022-жылдын 26-сентябрындагы чечими менен канааттандырылды. Сот департаменттин доо арыздарын канааттандырып, жалпы аянты 326,7 чарчы метр болгон эки кабаттуу имаратты бузуу чечимин кабыл алган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан