"Бутуңарды тушап койдубу?" Президент Чүйдүн губернатору менен Сокулуктун акимин кызматтан алууну чечти

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 6-мартта жер мунапысы мыйзамынын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.

Белгилүү болгондой, өткөн жылдын апрель айында жер мунапысы жарыяланып, өлкө жарандары мыйзамсыз курулган жерлерди мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк алышкан. Жергиликтүү бийлик башчыларына тиешелүү иштерди ыкчам жүргүзүп, жер тилкелерине уруксат берүүчү документтерин элге берүү тапшырмасы коюлган.

"Жыл жыйынтыгы менен президент Садыр Жапаров бул мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу боюнча иш канааттандырарлык эмес экендигин, өзгөчө Чүй облусунда терс көрүнүштөр менен коштолуп жатканын белгиледи. Ал мындай маселелерди тез арада чечүү үчүн президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана акимдеринин ыйгарым укуктары кыйла кеңейтилгенин эске салды.

Кабыл алынган мыйзамга карабай, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев жана Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев аны ишке ашыруу боюнча жетиштүү чараларды көргөн эмес. Жыл ичинде Сокулук району боюнча болгону 341 "кызыл китеп" берилген.

Бул багытта канааттандырарлык эмес иш алып баргандыгы үчүн президент Алымбаевди жана Айтибаевди кызматтан алууну тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Жапаров Аламүдүн районунда жер амнистиясына жамынып, эч нерсе курула элек айдоо жерлер трансформацияга түшүп калган фактылар аныкталгандыктан аким Бактибек Анаркулов кызматтан бошотулганын кошумчалаган.
Ошондой эле өлкөнүн башка аймактарында, өзгөчө Чүй жана Ош облустарында, Ош шаарында жер амнистиясынын аткарылышын текшерүгө тапшырма берген.

Садыр Жапаров Чүйдүн губернатору менен Сокулуктун акимин кызматтан кетирүүнү чечти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан