Айгүл Жапарова Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту

Биринчи айым Айгүл Жапарова бүгүн, 6-мартта “Кыргызстан менен Орусиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу” аттуу аялдардын биринчи форумуна катышуусунун алкагында Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашты.

Валентина Матвиенко Айгүл Жапаровага бул аялдардын форумуна катышуу чакыруусун кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, анын Аялдар күнүн утурлай өтүп жаткандыгынын символикалуулугун белгиледи. Ал форумдун өтө мазмундуу программасын баса белгилеп, бул иш-чаранын актуалдуулугун айтты.

Айгүл Жапарова Орусия тарапка чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, аялдар форумунун алкагында жетишилген макулдашуулар кыргыз-орус достугун мындан ары да чыңдап, боордош эки элдин жыргалчылыгы үчүн көп кырдуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошоорун белгиледи.

Биринчи айым Айгүл Жапарова Валентина Матвиенкону ага ыңгайлуу болгон каалаган учурда Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Тараптар эки өлкөнүн мамилелерин мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга макулдашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан