Биринчи айымы Айгүл Жапарова бүгүн, 6-мартта “Кыргызстан менен Орусиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу” аттуу биринчи аялдар форумунун ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, аялдар форумунун ачылышына Жогорку Кеңештин вице-спикери Жамиля Исаева, саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жана башкалар катышты.
"Өзүнүн ачылыш сөзүндө Айгүл Жапарова бүгүнкү форумдун темасы эки өлкөнүн жаш муундарынын жаркын келечегин камсыз кылуу үчүн Кыргызстан менен Орусиянын аялдарынын ортосундагы тыгыз жаратмандык диалогду өнүктүрүүгө багытталганын белгиледи.
Биринчи айым форум салтка айланып, аны жыл сайын уюштуруу заманбап коомдо аялдарды өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин чечүүдө жаңы демилгелерди жана бирдиктүү ыкмаларды иштеп чыгууга салым кошоруна ишенимин билдирди", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Айгүл Жапарова менен Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Кыргызстандын маданий салттарына арналган көргөзмөнү көрүп чыгышканы кошумчаланды.