"Бишкексууканал" өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматына караганда, 9-март күнү саат 09:00дөн 17:00гө чейин Ала-Тоо 1 жана Ала-Тоо 2 конуштарында муздак суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Турак жай имараттарына, мектептерге, бала бакчаларына, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине жана өнөр жайларга ичүүчү суу берүү токтотулат.
Ичүүчү суу "Ала-Тоо" темир жол станциясындагы суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.