“Манас” эл аралык аэропортунда Түркиядан келген өзбекстандык жарандан бир килограмм алтын буюмдар табылды. Бул тууралуу Бажы кызматы маалымдады.
2023-жылдын 23-февралында саат 03:00 чамасында Стамбул-Бишкек авиакаттамы менен келген жүргүнчүлөр бажы көзөмөлүнөн өтүп жатканда Өзбекстандын эки жаранынан жалпы салмагы 1040 грамм болгон алтын буюмдары табылган.
Табылган алтын буюмдардын орточо базар баасы 4 миллион 264 миң 369 сомду түзгөн.
Мамлекетке жалпысынан 950 миң 614 сом зыян келтирилген.
Бул материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.