Арзан күйүүчү май алуу үчүн кайда кайрылуу керек? Министрликтин жообу

Өлкөдө дыйкандарга дизель отуну 65 сомдон сатылууда. Аны алуу үчүн фермерлер жергиликтүү айыл өкмөттөргө кайрылышы зарыл.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына таянсак, республика боюнча жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 42,1 миң тонна күйүүчү май керектелет. Учурда нефтебазаларда жана май куючу жайларда 25 миң тонна дизелдик отун, 20 миң тонна бензин бар.

"Быйыл 42 миң тонна дизель талап кылынса, анын 72 пайызы республикада бар. Ошондой эле күйүүчү майды арзандатылган баада жеткирүү аракети көрүлүп, дыйкандарга базар баасынан үч сом арзан сатуу боюнча Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен макулдашылган. Мындан тышкары, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду май куюучу компаниялардын бири менен дизелдик отун сатып алуу боюнча келишим түзгөн. Анын негизинде райондорго квота бөлүштүрүлгөн. Жазгы талаа жумуштарына 3 миллион литр (3 миң тонна) дизель майы 65 сомдон дыйкандарга сатылууда", - деп билдиришти министрликтен.

Белгилей кетсек, өлкөдөгү май куюучу жайларда дизель майы 75 сомдун тегерегинде сатылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан