Ырчы Кудайберди Айтбосунов кырк жылкылуу болду (видео)

Ырчы Кудайберди Айтбосунов кыздуу болду. Ырчы мырза экинчи жолу ата статусуна ээ болгонун айтып, кубанычы менен тең бөлүштү.

"Аябай толкунданып жатам. Кудайга шүгүр, кыз башкача болот экен. Буюрса, ыймандуу, кыргыз элинин керегине жараган кыйын, ар намыстуу кыздардан болсун.

Бүгүн сүйүктүүмдүн туулган күнү. Мага кызымды белек кылды. Жубайыма рахмат! Ысымын кайненем София деп койду", - деп билдирди ырчы мырза.

Белгилей кетсек, Кудайберди Айтбосунов жубайы Айчүрөк менен 2019-жылы баш кошкон. Түгөйлөр 2021-жылы уулдуу болушкан.

Видеону толугу менен SUPER.KG ютуб каналынан көрө аласыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан