Айрым аймактарда жаан жаайт. 8-мартка карата аба ырайы

Эртең, 8-мартта Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облусунун аймактарында күн ачык болот. Ал эми Чүй, Баткен жана Талас облусунун көпчүлүк аймактарында күздүзү жаан жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунун маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +5 … +10, күндүз +15 … +20 ,

Талас облусунда түнкүсүн +3 … +8, күндүз +14 … +19,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4 … +9, күндүз +17 … +22,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2 … +3, күндүз +10 … +15,

Нарын облусунда түнкүсүн -12 … -17, күндүз -1 … +4,

Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +6 … +8, күндүз +18 … +20 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан