Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун 17 жаштагы уулу Ахмат Кадыровдун үлпөт тою салтанаттуу белгиленди. Мындай маалымат телеграм каналдарга тарады.
Тойду тартууга катуу тыюу салынган. Бирок кээ бир видеолор интернетке чыгып кеткен. Алардын бирин Рамзан Кадыровдун досу, рэпер Тимати чыгарган.
Интернетке Кадыровдун уулунун той учурундагы кортежи тартылган видео гана тарады. Анда Bugatti, Rolls-Royce сыяктуу 87 премиум класстагы унаанын полиция кызматкерлери коштоп жүргөн.
17 жаштагы Ахмат Кадыровдун үйлөнүү үлпөтүнүн так күнү расмий айтылган жок.
Рамзан Кадыровдун уулу Ахмат 8 жашынан бери ММА мушташтарына катышат. Чеченстанда анын урматына атайын спорт комплекси курулган.