
Токмок шаарында 24 жаштагы жигит 9 кабаттуу турак үйдөн секирүүгө аракет кылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта ӨКМдан билдиришти.
Белгилүү болгондой, курулушу бүтө элек 9 кабаттуу үйдөн 24 жаштагы жигит секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, аталган жаранды сүйлөшүү жолу менен аман-эсен алып түшүп, жакындарына өткөрүп беришти.
Алдын ала маалымат боюнча ал жарандын абалы туруктуу.